Ысык-Көлдөн 22 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды

Автор

Ысык-Көлдөн 188 күндүн ичинде 22 тонна 441 кг таштанды жана 123 миң 350 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суучулдар бул жолу да көлдүн түбүн дем алышсыз тазалашты. 23-октябрга караган түнү суучулдар атайын балыкчылардын торлорун көлдөн чириген балыктары менен кошо чыгарышты.

Алар буга чейин 21-октябрда көлдүн түбүн тазалоо иштерин жүргүзүп, балык кармоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан арылтышкан. Тактап айтканда, тазалоонун 188-күнүндө көл аянтынын 12 миң 988 гектарын тазалап, 2800 метр тор алып чыгышкан.

ӨКМден кошумчалашкандай, суучулдар учурда Түп районунун Курмөнтү айылынан Чоң-Өрүктү айылдарына чейинки аралыктарды таштандылардан арылтышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Хайитхон Хусан кызы Паралимпиада оюндарында алтын медаль утту

Кыргызстандын парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы  Кытайдын Ханчжоу шаарында  өтүп жаткан Пара Азия оюндарында алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, спортчу 48 кг чейинки салмакта катышып жатат. Алгач ½ финалдык беттеште индонезиялык балбанды жеңди. Алтын медаль үчүн беттеште жапониялык […]

Сизге жагышы мүмкүн