Хайитхон Хусан кызы Паралимпиада оюндарында алтын медаль утту

Автор

Кыргызстандын парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы  Кытайдын Ханчжоу шаарында  өтүп жаткан Пара Азия оюндарында алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 48 кг чейинки салмакта катышып жатат. Алгач ½ финалдык беттеште индонезиялык балбанды жеңди. Алтын медаль үчүн беттеште жапониялык балбанды жеңип, алтын байгеге татыктуу болду.

Белгилей кетсек, 20-30-октябрь күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Пара Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан спорттун 7 түрүнөн (жеңил атлетика,пауэрлифтинг,теннис,сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) 27 спортчу катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

24-октябрдын аба ырайы

Эртең, 24-октябрда Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы:   Чүй, Талас облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16, […]

Сизге жагышы мүмкүн