Ыйык Рамазандын акыркы 10 күндүгү башталды

Автор

Ыйык Рамазандын акыркы 10 күндүгү башталды. Акыркы он күнүнүн өзгөчөлүгү эмнеде?
1. Дал ушул акыркы 10 күндүктө Куран китеби түшүрүлгөн. “Бакара” сүрөсүнүн 185-аятында:
“Рамазан айы, бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү”,-деп баяндалат.
2. Дал ушул акыркы 10 күндүктө Кадыр Түн катылган. Пайгамбарыбыз:
“Кадыр түндү Рамазандын акыркы 10 күндүгүндө так сандардан издегиле”,- деген.
Ал эми бул түндүн кадыры Куранда миң айдан артык деп таасын баяндалат. Тагыраагы, Кадыр Түнү жасалган ибадаттар 83 жыл жана 4 ай бою жасалгандай көбөйтүлөт.
3. Итикаф (мечитте жалгыздануу). Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) жана анын сахабалары мечитте жалгызданып, Жаратканга кайрылып, күнөөлөрүнүн кечирилишин сурашкан.
Ишенимдүү хадистердин биринде Аиша (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деп баяндайт:
“Пайгамбар (Алланын ага салам-салаваттары болсун) Рамазан айынын акыркы 10 күндүгүндө төшөгүн жыйыштырып, аны бөлмөнүн бурчуна коюп, мечитте Жаратканга сыйынчу. Пайгамбарыбыздын көзү өткөн соң анын жубайлары да ушундай кылышкан” (Бухари, Муслим)

Бөлүшүү:
Next Post

Олимпиада учурунда Парижге аскерлерин жана иттерин жиберүүнү көздөөдө

Польша Париждеги Олимпиаданын коопсуздугун камсыздоо үчүн аскерий жана атайын үйрөтүлгөн иттерди жиберүүнү көздөөдө. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Владислав Косиняк-Камыш социалдык түйүндөрүндө билдирди. Анын айтымында, Польшанын куралдуу күчтөрү коалициялык күчтөрдүн патрулдук иштерине жана Олимпиада оюндары учурунда коопсуздукту сактоого жардам берет. Парижде польшалык солдаттардын оперативдуу отряды болот. Министр ошондой эле польшалык […]

Сизге жагышы мүмкүн