Коомчулук Келдибековго издөө салды

Автор

“Великий троицадан” бирөөсү калды. Келдибеков экөөнү салып берип, өзү кутулуп кетеби? Негизи ушул баштаган экен”,- деп жазды Пери Орозбекова атту интернет колдонуучу. Коомчулук “Мекеним Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Ахматбек Келдибековду из жашырып кеткен жеринен таап келүүнү суранып жатат. Анын кайсы өлкөдө жашырынып жүргөнү азырынча белгисиз.
Ахматбек Келдибеков 2023-жылдын сентябрь айында Ала-Тоо ресторанында экинчи уулун үйлөп той берген. Ага экс-президент Сооронбай Жээнбековду, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди чакырган. Vesti.Kg маалымат агенттиги криммтөбөл Камчы Көлбаев да тойго келип, УКМК төрагасы келгенден кийин кетип калганын жазган.
Кээ бир маалыматтарда Ахматбек Келдибеков тойдон кийин өлкөнү таштап кеткени айтылат. Андан 15 күндөн кийин кримм төбөл Камчы Көлбаев атайын операциянын негизинде өлтүрүлгөн эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Крокус Ситиде курмандыктарды издөө аяктады

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Сергей Полетикин теракттан жабыркагандарды куткаруу жана издөө боюнча бардык иш-чаралар 26-мартта аяктаганын билдирди. «Бардык куткаруу иштери жана жабыркагандарды издөө иштери аяктады. Урандылардын астында жабыркагандар жок деп айта алам. Кинологдор, куткаруучулар өз ишин аткарышты»,-деди Полетикин Андрей Воробьев Telegram каналында жарыялаган видеодо. […]

Сизге жагышы мүмкүн