«Мектеп – 2030» глобалдык форуму Кыргызстанда өтөт

Автор

«Мектеп – 2030» глобалдык форуму 2024-жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Борбордук Азия университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы Шамш Кассим-Лакханы (Shamsh Kassim-Lakha) жана Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Баркат Фазал менен жолугушуусунда айтты.

Министр Ага Хан өнүктүрүү тармагынын өкүлдөрүнө Португалияда өткөн «Мектеп 2030» глобалдык форумуна чакыруусу жана 2024-жылы форумду Кыргызстанда өткөрүү үчүн эстафетаны тапшыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Каныбек Иманалиев доктор Шамш Кассим-Лакхага билим берүү жана илим тармагындагы кызматташуусу үчүн медаль тапшырды.

Тараптар билим берүү долбоорлорун ишке ашырууда кызматташтыкты чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү:
Next Post

Экс-президентти айыптап, соттон бошотушту

Майами соту АКШнын экс-президенти Дональд Трампка жашыруун документтерди мыйзамсыз сактагандыгы үчүн саякатка чектөө киргизген жок.  Бул Дональд Трамп президенттик шайлоо кампаниясын тоскоолдуксуз өткөрө алат дегенди билдирет. Дональд Трамп өзүнө коюлган 37 айыптын баарын четке кагууда.  Ага иш боюнча күбөлөр менен сүйлөшүүгө уруксат берилген эмес.  Отурум жабык өттү. Бул Дональд Трамптын […]

Сизге жагышы мүмкүн