Шойгу Ким Чен Ын менен жолугушту

Автор

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Пхеньянда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушту. Тараптар коопсуздук маселелерин талкуулашты. Коргоо министрлигинин башчысы Түндүк Кореянын лидерине Россиянын президенти Владимир Путиндин жеке кайрылуусу жазылган катты бергенин Түндүк Кореянын «Корей үнү» радиостанциясы билдирди.
Сүйлөшүүчүлөр корей-орус достугунун тамыры терең тарыхын жылуу эске салып, улуттук коргонуу жана коопсуздук, аймактык жана эл аралык коопсуздуктун жагдайлары боюнча эки тарапты кызыктырган маселелерге баа берип, пикир алмашышты.
«Ким Чен Ын Сергей Шойгуга Кореянын Эмгек партиясынын VIII съездинде коюлган коргонууну өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына ылайык иштелип чыккан жана чыгарылган жана жакында эле Корей Элдик Армиясында кызмат өтөп жаткан курал-жарак жана аскердик техника менен тааныштырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Мигранттар Россияда өз алдынча катталуу укугуна ээ болушат

Жаңы тартип үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында “Россия Федерациясында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоо жөнүндө” федералдык мыйзамга өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин ишке аша баштайт. Жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобо боюнча каттоодон өтүүгө болот, бирок, бул үчүн Россия Федерациясынын Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү порталында жеке кабинет болуусу керек. Ал жерде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн