Путин Ким Чен Ынга унаа белек кылды

Автор

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Россиянын президенти Владимир Путинден Россияда жасалган автоунаа белекке алды.
«КЭДРдин мамлекеттик иштер боюнча төрагасы Ким Чен Ынга Россиянын президенти Владимир Путин тарабынан Россияда чыгарылган жеке автоунаа белекке берилди»,-деп билдирет Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги.
18-февралда орус тараптан белекти КЭДР Жумушчу партиясынын борбордук комитетинин катчысы Пак Чонг Чхон жана партиянын Борбордук Комитетинин бөлүм башчысынын орун басары, Түндүк Кореянын лидеринин карындашы Ким Ё Чжон алды.
2023-жылы сентябрда Ким Чен Ындын Россияга сапары маалында Путин ага Аurus унаасын көрсөткөн. Орус лидери бул лимузинди бир нече жылдан бери колдонуп келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт

Бишкекте бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты өтөт Бишкекте чоңдор арасында бильярддын “аралаш пирамида” түрү боюнча Дүйнө чемпионаты жана жаштар арасында “эркин пирамида” боюнча Дүйнө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-25-февраль күндөрү жаштар арасында “эркин пирамида” түрү боюнча мелдештер болсо, чоңдор арасында “аралаш пирамида” 27-февраль […]

Сизге жагышы мүмкүн