Россия Борбор Азиянын студенттерине квоталарды көбөйтөт

Автор

Россия 2023-2024-окуу жылында Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген студенттер үчүн квоталардын санын көбөйтө турганын Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин «Валдай» эл аралык дискуссиялык клубунун Борбордук Азия боюнча үчүнчү конференциясында билдирди.
«2023-2024-окуу жылында биз Казакстандын жарандарын окутуу үчүн квотаны олуттуу көбөйтүп жатабыз – плюс 200 орун, Кыргызстан – дагы 200 орун, Өзбекстан – плюс 50 орун жана Тажикстан – плюс 152 орун”,-деди Галузин.
Анын айтымында, учурда Россия Федерациясында Борбор Азия мамлекеттеринен 185 миңге жакын студент билим алууда, анын ичинен 68 миңге жакын студент россиялык бюджеттин эсебинен билим алат.
Мындан тышкары Галузин жакынкы аралыкта Борбордук Азиянын бир катар өлкөлөрүндө Россиянын алдыңкы университеттеринин филиалдарын ачуу пландалып жатканын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

17-майдын аба ырайы

Эртең, 17-майда түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,   Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30, […]

Сизге жагышы мүмкүн