Таанылбаган Республиканын президенти колго түшүрүлдү

Автор

Азербайжан Республикасынын коопсуздук кызматы таанылбаган Карабах Республикасынын президенти Араик Арутюнянды колго түшүрдү. Ал бүгүн Баку шаарына жеткирилди. Арутюнян террористтик негиздерге таянган мыйзамсыз мамлекеттин лидери катары күнөөлөнүп жатат. Өткөн жумада экс-премьер министри менен президенттин кеңешчиси колго түшүрүлгөн эле.

Азербайжан Тоолу Карабах аймагын толук көзөмөлүнө алды. Качкын армяндардын саны 100 миңден ашканы айтылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Нурланбек Шакиев Беларусияга расмий иш сапары менен жөнөп кетти

Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Беларуска расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт. Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө. Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында депутаттар […]

Сизге жагышы мүмкүн