Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт

Wp Pw
0 0
Read Time:45 Second

Кыргызстандын аймагында 17-апрелде аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-18-апрелдерде абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 5…10°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 8…13°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6° жылуу, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 6…11°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, айрым жерлерде -1…-3° үшүк, күндүз 6…11° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -1…-3° үшүк, күндүз 3…8° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт.

Мындай катуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

ИИМ жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды

Интернет желесинде «Атасы УКМКда, апасы Билим берүү министрлигинде иштеген окуучу кыз классташын мыкаачылык менен кордоп, сабап жаткан видео чыкты» аталыштагы маалымат Кыргызстандын аймагында болгон эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет. Ведомстводон бул Кыргызстандын аймагында болгон деген чындыкка дал келбей тургандыгын баса белгилешти. «Бул эски тасма жана Казак Республикасынын аймагында […]