ИИМ жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды

Автор

Интернет желесинде «Атасы УКМКда, апасы Билим берүү министрлигинде иштеген окуучу кыз классташын мыкаачылык менен кордоп, сабап жаткан видео чыкты» аталыштагы маалымат Кыргызстандын аймагында болгон эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Ведомстводон бул Кыргызстандын аймагында болгон деген чындыкка дал келбей тургандыгын баса белгилешти. «Бул эски тасма жана Казак Республикасынын аймагында болгондугу белгилүү болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ интернет колдонуучуларды такталбаган маалыматтарды таратып, жарандарга тескери маалымат берүүдөн алыс болууга чакырат. Мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кызыл күрүчтүн пайдалуу касиеттери

Кызыл күрүч күрөң жана жапайы күрүчтүн бардык түрлөрүнүн пайдалуу касиеттерин жекече баалуулук сапаттары менен айкалыштырат. Бүт В тобундагы А, Е витаминдерине, калий менен магнийге бай, тең салмактуу курамы менен, дан өсүмдүктөрү зат алмашуу процесстерин жана кан басымын турукташтырат, жүрөк-кан тамыр системасынын нормалдуу иштешин камсыз кылат жана муундарда туздардын топтолушун алдын […]

Сизге жагышы мүмкүн