22-февралга карата аба ырайы

Автор

Кыргызстанда 22-февралда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Туман түшөт, жолдор тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -8…-10, күндүз +2…+4 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин: Келечектин оюндары - дискриминациядан жана кош стандарттардан эркиндик

“Келечектин оюндары” турнири – бул саясий шарттардан, дискриминациядан жана кош стандарттардан эркиндик. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Казанда келечек оюндардын ачылыш аземинде билдирди. Мамлекет башчысы Келечектеги оюндар салт менен азыркы заманды, жогорку интеллекттин, спорт менен технологиянын, билим менен илимдин гармониясын айкалыштырганын белгиледи. “Биздин көз алдыбызда калыптанып жаткан көп кырдуу, […]

Сизге жагышы мүмкүн