Шайлообек Атазов Профсоюздар уюмунун сатылып кеткен обьектилеринин санын айтты

Автор

Кыргызстан Профсоюздар кошуунунун  обьектилери эң көп сатылып жана берилип кеткен учурлар, А.Токтогулов, К.Осмонов, С.Бозгунбаев, Ж.Осмоналиев жана О.Арстанбековдордун төрагалык мезгилине туш келет”. Мындай маалыматты депутат Шайлообек Атазов билдирди.
“Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жалпы 298 обьектиси болгон болсо, анын 164 обьектиси мыйзамсыз жеке жана юридикалык жактарга берилип кетип, учурда 134 обьект гана калган. Бул деген сөз профсоюздардын мүлкүнүн 55 пайызы бир ууч шылуундар тарабынан мыйзамсыз таланып-тонолуп кетти дегендик.
Обьектилерди мыйзамсыз сатып алгандар жөнөкөй карапайым адамдар эмес. Алар профсоюздун мурдагы жетекчилери, аты таанымал мурдагы министр, губернаторлор жана депутаттар”,- деди.
Ал эми «Кыргызкурорттуризм» башкармасынын берген маалыматы боюнча 1995-жылдан 2022-жылга чейин мыйзамсыз сатылып жана берилип кеткен обьектилердин саны 96 обьектини түзөт жана алар төмөнкүдөй:

1. “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийи боюнча – 3 обьект
2. “Жалал-Абад” санаторийи боюнча – 19 обьект
3. “Ысык-Ата” санаторийи боюнча – 12 обьект
4. “Жети-Өгүз” жана “Жыргалаң” санаторийи боюнча – 5 обьект
5. “Кыргызстан” санаторийи боюнча – 8 обьект
6. “Ала-Тоо” эс алуу үйү боюнча – 6 обьект
7. “Чолпон-Ата” эс алуу үйү боюнча – 5 обьект
8. “Ысык-Көл” эс алуу үйү боюнча – 4 обьект
9. “Арстанбап” пансионаты боюнча – 6 обьект
10. “Арстанбап-Ата” турпансионаты боюнча – 1 обьект
11. “Ош” пансионаты боюнча – 13 обьект
12. “Ош” турбазасы боюнча – 2 обьект
13. “Байсоорун” турбазасы боюнча – 1 обьект
14. “Абшыр-Ата” турбазасы боюнча – 3 обьект
15. “Улан” балдардын ден соолук борбору боюнча – 2 обьект
16. “Кыргызсоветкурорт” башкармалыгы боюнча – 6 обьект жана 15 саякат жана экскурсия бюролору.

Бөлүшүү:
Next Post

Жубайы үчүн бөйрөк донору болгон президент Штайнмайер тууралуу эмнелер белгилүү?

21-23-июнь күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен келе турган Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер ким? Туулган жери жана ата-энеси Франк-Вальтер Штайнмайер 1956-жылы 5-январда Детмольддо туулган. Ачык булактарда анын атасы жыгач уста, апасы заводдо иштегени айтылат. Дирк аттуу агасы бар. Окуу жана жумуш жолу Франк-Вальтер Штайнмайер Бломбергдеги орто мектепти аяктап, эки […]

Сизге жагышы мүмкүн