Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлүнө сөгүш жарыяланды

Автор

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иманбетов Илияз Жеңишовичке сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, президенттин “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляждык зоналарга кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгын аткаруу жоопкерчилиги Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, мамлекеттик райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлөт.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун айрым пансионаттарында дарбазалар, тосмолор толугу менен алынып салынган эмес, ошондой эле көлдүн жээгинен курулуш материалдары ушул күнгө чейин чыгарыла элек.

Бөлүшүү:
Next Post

Айыл чарбасын каржылоого дээрлик 3,1 млрд сом насыя берилди

30-июнга карата “Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоору боюнча 3 млрд 96 млн 628 миң сомго 6 миң 886 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анын ичинен: Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 789 млн 161 миң сомго 1 миң 886 насыя берилди, анын ичинен “Айыл Банк” ААК 461 млн […]

Сизге жагышы мүмкүн