Жаратылышты өнүктүрүү фондунан эки киши кармалды

Автор

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы орун басары И.Б.М., министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын азыркы директору К.Т.К. кармалганын УКМК кабарлады. Алар жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схемага тиешеси бар деп шектелүүдө.

15-июнь күнү долбоорлорду кароо жана аларды бюджеттен каржылоо боюнча эксперттик комиссиянын туруктуу мүчөсү  К.Т.К Кыргызстандан чыгып баратканда «Ак-Жол автожол» өткөрүү пунктунан кылтакка илинген. Ал эми 18-июнда анын милдеттерине долбоорлорду тандоо жана комиссиянын кароосуна коюу функциялары кирген эксперттик комиссиянын катчысы  И.Б.М. «Манас» аба майданынан колго түшүрүлгөн.

Бүгүнкү күндө, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде К.Т.К. жана И.Б.М. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Бөлүшүү:
Next Post

“Кыргызстан – Оман” беттешинде Ахрол Рискуллаев калыстык кылат

Өзбекстандык калыс Ахрол Рыскуллаев бүгүн, 20-июнда  “CAFA Nations Cup” эл аралык турнирдин алкагында өтө турган  “Кыргызстан – Оман” беттешинде калыстар бригадасын жетектейт. Оюнда Санжар Шаюсупов жана Мухаммед Реза Мансури башкы калыска жардам беришсе, Хасан Акрам резервдик арбитрдин милдетин аткарат. Эске салсак, өзбекстандык адис турнирде буга чейин орун алган Кыргыз Республикасынын […]

Сизге жагышы мүмкүн