Бишкек – Балыкчы поезд каттамы  токтойт

Автор

Бишкектен Балыкчыга жүргүнчүлөрдү ташыган № 608/609 поезд каттамы 1-сентябрда токтойт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди жыл сайын жайкы туристтик мезгилде жүрөт, тактап айтканда, июнь айынан 31-августка чейин каттам иштейт.

Аталган каттам 2024-жылдын жай мезгилинде кайрадан жанданат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт

Ош шаарында XVI эл аралык “Айтыш-2023” кыргыз-казак төкмө акындарынын кош байге айтышы өтөт. Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана алгачкы агартуучу, жазгыч акын, ойчул, тарыхчы Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, айтышты расмий ачылышы жана биринчи күнү бүгүн, 30-августта С. Ибраимов атындагы […]

Сизге жагышы мүмкүн