Чукул билдирүү! Кыргызстанда 13-14-март күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт

Автор

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 13-15-март күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 13-мартта күндүз жана 14-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

13-мартта күндуз жана 14-15-март күндөру абанын температурасы төмөндөп:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° сууктан…+4° жылуулукка чейин;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, күндүз 4…9° жылуу;
Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -3…-8° суук;
республиканын тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -4 сууктан…+1° жылуулукка чейин;
республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9° суук, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -16…-21°, күндүз -6…-11° суук болушу күтүлөт.
Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров “Саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга карабастан, калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө анын сапаты боюнча системалуу көйгөйлөр кала берүүдө. Бул кырдаалдын негизги себептери болуп […]

Сизге жагышы мүмкүн