«Алымбек Датка» коомдук кайрымдуулук фонду негизделди

Автор

Кыргыз улуттук тарых музейинде «Асан бий уулу Алымбек Датка» коомдук кайрымдуулук фондунун ачылуу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Эл баатырлары Медеткан Шеримкулов, Миталип Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик, коомдук ишмерлер, тарыхчылар жана Алымбек Датканын урпактары, фонддун мүчөлөрү катышты.
Министр Алтынбек Максутов өз сөзүндө Алымбек Датканын тарыхтагы барандуу ордун белгилеп: «Бүгүнкү түзүлүп жаткан коомдук фонд алдыда чоң иштерди жасайт деп ишенем, министрлик өз компетенциясынын чегинде фонддун ишине көмөктөшүүгө жана бирге иштешүүгө даяр экендигибизди каалоо менен бирге, фондун алдыдагы иши ийгиликтүү болушуна тилектешмин», — деди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Алымбек Датка тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын манасчы, акындары тарабынан даярдалган чакан маданий программа тартууланды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте Элдик Курултай өтөт

Бүгүн, 15-декабрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен Элдик Курултай өз ишин баштайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов фейзбук баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, иш-чара эки күнгө – 15-16-декабрга созулат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин […]

Сизге жагышы мүмкүн