Чукул билдирүү: Жаан-чачын катуу жаайт

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-16-апрелинде күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытай Жакынкы Чыгыштагы тараптарды сабырдуулукка чакырды

Кытай Жакынкы Чыгыштагы бардык тараптарды максималдуу сабырдуулукка чакырат. Бул тууралуу Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дай Бин Ирандын Израилдин аскерий объектилерине чабуулуна байланыштуу чакырылган БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында билдирди. “Кытай бардык тараптарды максималдуу сабырдуулукка чакырып, пикир келишпестиктерди жана талаштарды БУУнун Уставына жана эл аралык мыйзамдарга ылайык чечүүгө чакырат”,-деди […]

Сизге жагышы мүмкүн