Бүгүндөн тарта Боомдо таш кулатуу иштери жүрөт

Автор

Бүгүндөн тарта Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдиришти.
7, 8, 10, 11-майда Бишкек—Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3902-чакырымы) жолго кооптуулук пайда кылган таштар түшүрүлөт.
Таш кулатуу иштери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп, унаа жол жарым-жартылай тосулат. Таш түшүрүү иштери саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Азербайжан менен Армениянын сүйлөшүүлөрү Алматыда өтөт

10-майда Алматыда Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Жейхун Байрамов менен Арарат Мирзояндын жолугушуусу болорун Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү билдирди. «Жетишкен макулдашууларга ылайык, Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрликтеринин жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү 10-майда Алматыда өтөт»,-деди ал Астанадагы брифингде. Сүйлөшүүлөрдүн башталышы жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ачык болот. Буга чейин Касым-Жомарт […]

Сизге жагышы мүмкүн