Чолпон-Атада  “Европа Биримдиги-Борбордук Азия” экинчи саммити өтөт

Автор

Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында “Европа Биримдиги-Борбордук Азия” экинчи саммити 2-июнда өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

 

“Саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышат.

 

Эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттешүүсү боюнча пикир алмашуу болот.

 

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

 

Эртеси, 3-июнда, Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары болот.

 

Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Тар жана кеңейтилген форматтарда тараптар кыргыз-европалык өнөктөштүк маселелерин талкуулашат”, – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Акаевдин келиши, Бакиевдин маеги. Садыр Жапаров үн катты

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин өлкөгө келиши жана журналист Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден алган маеги боюнча пикирин билдирген. — Урматтуу Садыр Нургожоевич, акыркы убакта социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан маселелер боюнча Сиздин пикирди билели дедик эле. Алгач, мурдагы президент Аскар Акаевдин айланасындагы окуяларга […]

Сизге жагышы мүмкүн