Сириядан Кыргызстанга 21 аял жана 62 бала алып келинди

Автор

Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо боюнча “Айкөл-3” атайын операциясы ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчынын жана министрлер кабинетинин тапшырмасын аткаруу максатында Сириядан Кыргызстанга атайын рейс менен Кыргызстандын жарандары – 21 аял жана 62 бала алып келинди.

“Кыргыз тарап бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн көрсөтүлгөн ар тараптуу жардам жана логистикалык колдоо үчүн АКШ өкмөтүнө, ошондой эле БУУнун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине өзгөчө ыраазычылык билдирет”, – деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Белгиленгенлей, бул миссиянын алкагында кыргыз делегациясы ошондой эле Сириянын түндүк-чыгышындагы калктын муктаждыктары үчүн керектүү дары-дармектер менен гуманитардык жардам көрсөттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Ресурстар жетиштүү: НАТО Израилди да, Украинаны да колдоого убада кылды

НАТОнун Израилди да, Украинаны да колдоо үчүн жетиштүү ресурстары бар.  Бул тууралуу альянстын башкы катчысынын орун басары Мирча Жоанэ румыниялык Digi 24 телеканалына берген маегинде билдирди. “Менин оюмча, биздин альянстын деңгээлинде ресурстарыбыз жетиштүү.  Биз бул эки кырдаалды жеңе алабыз”,-деген Башкы катчынын орун басары альянс Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды тез арада тынчтандырууга […]

Сизге жагышы мүмкүн