Мыйзамсыз кумар оюндарын уюштургандар кармалды

Автор

Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз оюндарды уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
“Оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө” мыйзамга ылайык, республиканын аймагында тиешелүү лицензия албастан оюндарды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынган, бирок ага карабастан, бир топ адамдар Telegram тиркемеси аркылуу маал-маалы менен мыйзамсыз оюндарды уюштуруп, алар үчүн ар кандай мамлекеттик мекемелерден (кафе, оюн-зоок борборлору ж.б.) жайларды ижарага алышкан.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагында тинтүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 48 адам кармалып, алардын арасында мыйзамсыз кумар оюндарынын уюштуруучулары жана катышуучулары да суралган. Аталган кылмыштуу топтун уюштуруучусу А.О.Б. аттуу КРнын жараны кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Мирзиёев «Келечек оюндарын» Өзбекстанда өткөрүүнү сунуштады

Өзбекстандын мамлекет башчысы Россиянын президентин салттуу жана виртуалдык спортту айкалыштырган мындай масштабдуу иш-чаранын биринчи жолу өтүп жаткандыгы менен куттуктап, мелдешке катышып жаткан жаштарга ийгилик каалады. «Менин бардык кесиптештерим акырындык менен макул болушат деп ойлойбуз: кийинки жолу Казакстанда, ал эми 2026-жылы биз сиздерди Өзбекстанда кабыл алууга даярбыз»,-деди ал Казанда боло турган […]

Сизге жагышы мүмкүн