Чемпиондор Лигасы: Жарым финалда  “Реал  – Манчестер Сити” тең чыкты

Автор

Мадриддик “Реал” Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын биринчи оюнунда “Сантьяго Бернабеу” өз талаасында англиялык “Манчестер Сити” менен тең чыкты – 1:1.

Адегенде 36-мүнөттө эсепти  “Реал” командасы бразилиялык  чабуулчу Винисиус Жуниор ачып, ага француз Эдуардо Камавинга жардам берди.

Жолугушуунун экинчи жарымында 67-мүнөттө германиялык Илкай Гюндогандын трансфери менен “Манчестер Ситинин”  бельгиялык жарым коргоочусу Кевин де Брюйне  эсептеги теңдикти калыбына келтирди.

Жооптук беттеш 17-майда шаршемби күнү Манчестердеги “Etihad Stadium” стадионунда өтөт.

Реал Мадрид менен Ман Ситинин жеңүүчүсү Чемпиондор Лигасынын финалына чыгат, анда Милан менен Интердин жеңүүчүсү беттешет. Турнирдин финалы 10-июнда Стамбулда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары Кытайга барышат

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Борбор Азия – Кытай саммитине катышат. Бул тууралуу Кытайдын расмий “Жэньминь Жибао” гезити  билдирди. Маалыматка ылайык, Си Цзиньпин Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттерин Кытайга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырган. «Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери 16-майдан […]

Сизге жагышы мүмкүн