БРИКС оюндарына 35 өлкөнүн спортчулары катышат

Автор

Казанда 11-июндан 23-июнга чейин өтө турган БРИКСтин спорттук оюндарын кеминде 35 өлкөнүн өкүлдөрү катышууга даяр. Бул тууралуу Татарстандын спорт министри Владимир Леонов билдирди.
БРИКС тогуз мамлекеттин – Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка, БАЭ, Иран, Египет жана Эфиопиянын мамлекеттер аралык бирикмеси. Уюм 2006-жылы июнь айында түзүлгөн.
Татарстандын борбору биринчи жолу БРИКС оюндарын өткөргөнү жатат. Анын программасына спорттун 30 түрү кирет. Республиканын спорт министри Владимир Леонов Казандагы мелдештерге кеминде 35 өлкөнүн спортчулары катышууга ниеттенип жатканын билдирди.
«Төрт айдан кийин, июнь айынын башында бизге БРИКС өлкөлөрүнүн алдыңкы спортчулары келишет жана мелдеш кеңейтилген форматта өткөрүлөт деп ишендире алам. БРИКС менен гана эмес, башка өлкөлөр менен да биз жигердүү иштеп жатабыз », — деп билдирген Леонов

Бөлүшүү:
Next Post

Самбо боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты. Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылды Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашты: Спорттук жана күжүрмөн […]

Сизге жагышы мүмкүн