ФИФАнын эң мыкты оюнчусу ким болот?

Автор

Эл аралык футбол федерациясы 2023-жылдын эң мыкты оюнчусу үчүн сыйлыкка талапкерлердин үчөөнү атады. Бул тууралуу спорттук уюмдун сайтында жазылды.
Маалыматка ылайык, ФИФАнын The Best сыйлыгынын кыска тизмесине норвегиялык “Манчестер Ситинин” чабуулчусу Эрлинг Холанд, франциялык “Пари Сен-Жермен” клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе жана аргентиналык “Интер Майаминин” жылдызы Лионель Месси кирди.

Талапкерлердин чоң тизмесине италиялык чемпион Наполинин грузин канаты Хвича Кварацхелия кирди, ал Орусия чемпионатынан А Сериясына өткөн.
Аны менен катар дагы төрт “Манчестер Ситинин” оюнчусу талапкерлердин тизмесинен чыгып кетти: бельгиялык Кевин де Брюйне, португалиялык Бернарду Силва, аргентиналык Жулиан Альварес, испаниялык Родри жана Манчестерден Барселонага өткөн түркиялык Илкай Гюндоган.
Уюштуруучулар белгилегендей, тизмени түзүүдө оюнчулардын 2022-жылдын 19-декабрынан 2023-жылдын 20-августуна чейинки мезгилдеги көрсөткүчтөрү эске алынган. Ошентип, Аргентина курамасы Месси менен уткан 2022-жылдагы дүйнө чемпионатындагы жетишкендиктери эсепке алынбайт. Өткөн жылы сыйлык Лионель Мессиге ыйгарылган.
ФИФАнын мыкты футбол сыйлыктарын тапшыруу аземи 15-январда Лондондо (Улуу Британия) өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ айдоочуларга кайрылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 15-17-декабрь күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундаа, тактап айтканда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Андыктан […]

Сизге жагышы мүмкүн