Зидан кайрадан ПСЖны жетектөөдөн баш тартты

Автор

Француз машыктыруучусу Зинедин Зидан “Пари Сен-Жермен” (ПСЖ) клубун жетектөөдөн кайрадан баш тартты. Бул тууралуу  чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, борбордук клуб Зиданга башкы машыктыруучу катары Кристоф Галтиерди алмаштырууну сунуштаган, бирок 50 жаштагы адис бул вариантты четке каккан. Атактуу машыктыруучу  өзүнүн келечеги тууралуу суроого жооп берип жатып, учурда эч кандай пландары жок экенин айткан.

Эске салсак, 2022-жылы ПСЖ Зиданга команда менен иштөөнү сунуштаган. Анда адис баш тартууну париждик клубдун долбоору канааттандырбаганы менен түшүндүргөн.

Зидандын акыркы жумушу 2021-жылы кеткен “Реал Мадрид” болгон. Адис клубду Чемпиондор Лигасында үч жолу жана эки жолу чемпионатта жана Испаниянын Суперкубогунда жеңишке жеткирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл беш айда 33 миңге жакын жаранга пенсия дайындалды

Социалдык фонд тарабынан ушул жылдын январь-май айлары үчүн 32 973 жаранга пенсия дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, май айына 5317 жаранга пенсия дайындалган. Мындан тышкары, 1501 пенсионерге эмгек стажы, эмгек акысы, майыптыгы боюнча кошумча берилген документтер боюнча пенсия кайра эсептелген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн