Чатбот Россия, Украина боюнча Путинге кат жолдоду

Автор

ChatGPT чатботу Россия менен Украинанын ортосундагы тынчтык келишиминин долбоорун даярдады. Бул Германиянын Berliner Zeitung басылмасынын өтүнүчү боюнча тапшырманы аткарды.
ChatGPTге Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольцтун атынан Владимир Путин менен Владимир Зеленскийге тынчтыкка чакырган кат жазуу тапшырмасы берилген.
Катта Германия Россиянын мыйзамдуу коопсуздук кызыкчылыктарын тааный турганы айтылат. “Биз сиздерге конструктивдүү катышуу жана ок атышууну токтотуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр болуу Россия менен Европанын ортосундагы кызматташтыктын жакшырышына эшик ачышы мүмкүн деген перспективаны сунуш кылгыбыз келет”,-деп айтылат билдирүүдө.
Жасалма интеллект ошондой эле Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишиминин долбоорун иштеп чыкты. Анда ок атышууну токтотуу, аскерлерди баштапкы позицияларына чыгаруу, эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн катышуусунда демилитаризацияланган аймакты түзүү, Украинанын курамында Донецк жана Луганскка автономия берүү, бул аймактардагы орус тилдүү калктын укуктарын коргоону мыйзамдык жактан бекемдөө пункттары камтылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди. Медет кызы чемпионаттын чейрек финалынан баштап алтын үчүн кармашты баштады. Ал 76 кг салмакта алгач индиялык Прия аттуу спортчунун далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады. Ал эми финалга чыкчу кармашта кыргыз кызы япониялык […]

Сизге жагышы мүмкүн