Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди

Автор

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди.

Медет кызы чемпионаттын чейрек финалынан баштап алтын үчүн кармашты баштады. Ал 76 кг салмакта алгач индиялык Прия аттуу спортчунун далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады. Ал эми финалга чыкчу кармашта кыргыз кызы япониялык Мизуки Нагасиманы 3:2 эсебинде артта калтырды.

Алтын үчүн кармашта Айпери Медет кызы казакстандык Эльмира Сыздыкова менен күрөшүп, жеңишти алдырып жиберди.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бир күндө биринчи класска 11 миң бала кабыл алынды

Кыргызстанда 10-апрелден 11-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 11 миң 47 бала кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Кабыл алуу мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык система аркылуу жүргүзүлдү. 11 миң баланын ичинен 119у жеңилдик менен, 10 миң 928 бала жеңилдиксиз кабыл […]

Сизге жагышы мүмкүн