Хабиб Нурмагомедов 40 млн доллардан эмнеге баш тарткандыгын айтты

Автор

UFCнин жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов миллиондогон гонорардан кантип баш тартып, карьерасын жыйынтыктаганын ачыктады.

Эгер ал октагонго кайтып келсе, ири суммадагы акча алышы мүмкүн. Бирок Хабиб Нурмагомедов  мурдагы чечимин өзгөрткөн жок.

Хабиб Нурмагомедов 29 беттеш өткөрүп, анын 29унда тең жеңишке жеткен. 2020-жылы Хабиб спорттон кеткенин жарыялап, андан бери анын кайтып келиши тууралуу кабарларды бир нече жолу четке каккан.

“20-40 миллион доллардын азгырыгынан баш тартуу кыйын. Айрыкча сен дүйнөнүн эң мыкты мушкери болсоң бирок мен үчүн акча башкы нерсе эмес. Карьерамды токтотуу боюнча оор чечимге келдим жана өкүнбөйм.», – деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Франциянын президенти Казакстанга келди

Франциянын президенти Эммануэль Макрон расмий сапар менен Казакстанга келди. Борбор калаанын аэропортунда Франциянын башчысын Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Акордада кесиптеши менен учурашып, жолугушууга келген өкмөт мүчөлөрү менен тааныштырды. Франциянын президентин расмий тосуп алуу аземи болду. Меймандар үчүн республиканын мамлекеттик желегинин түсүндөгү көк килем […]

Сизге жагышы мүмкүн