U20: Калмира Билимбек кызы Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Автор

Иорданиянын Амман шаарындагы Дүйнө чемпионатында (U20) кыздар арасындагы күрөш боюнча кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы коло медаль тагынды. Бул тууралуу  Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 59 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча күч сынашты.

Балбан Калмира Билимбек кызы 1/16 финалда өзбекстандык спортчуну 11:1 эсеби менен жеңип, 1/8 финалда казакстандык балбан кызды 8:1 эсебинде артта калтырган. Чейрек финалда япониялык балбанды 10:0 эсебинде утуп, жарым финалда нейтралдуу желек менен чыккан Алеса Гетмановага утулуп калган.

Кыргыз балбаны коло үчүн беттеште түркиялык балбан менен беттешип, жеңишке жетти. Бул Дүйнөлүк чемпионатта (U20) Кыргызстандын курама командасынын биринчи медалы.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Өзбекстанга берилчү пансионаттар тууралуу үн катты

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине кыскача маек берип, анда Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга ижарага берилишине байланыштуу суроого жооп берди. “ – 4 пансионат боюнча кеп мындай. 2016-жылы Темир Сариев премьер-министр болуп турганда мен ачыгын айтайын, популисттик кылып эле алып койгон. Архивдик кагаздарды окуп чыгып, келечегин жакшылап карап, жети өлчөп бир […]

Сизге жагышы мүмкүн