Си Цзиньпин коопсуздук кызматтарынын “эң жаман сценарийлерге” даярданууга үндөдү

Автор

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 30-майда Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Коопсуздук комиссиясынын жыйынында улуттук коопсуздук органдарын эң жаман сценарийлер жөнүндө ойлонууга чакырды.
Си Цзиньпин өз сөзүндө Кытайдын алдында турган улуттук коопсуздук көйгөйлөрүнүн татаалдыгы жана олуттуулугу кескин өскөнүн баса белгиледи.
“Биз эң жаман жана экстремалдык сценарийлерге даяр болушубуз керек, катуу шамалдын, толкундун жана катуу сыноолорго туруштук берүүгө даяр болушубуз керек»,-деди Кытай Эл Республикасынын Президенти.
Ал ошондой эле Кытай улуттук коопсуздук системасын модернизациялоону тездетүү керектигин айтты.
Кытай башчысынын билдирүүлөрү Пекин экономикада көптөгөн көйгөйлөргө туш болуп, Си Цзиньпиндин өзүнүн сөзү менен айтканда, эл аралык абалды барган сайын душмандашып турган мезгилде жасалганы белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

2026-жылга чейин бүт облустар таза суу менен камсыздалат

Кыргызстандагы 1873 айылдын 346 сында таза суу системасы курулган эмес. Ал эми 470 айылда система эскирип, жарактан чыгуу абалында турат. Таза суу менен камсыздалбаган аймактарга Ош жана Баткен облустары кирет. Мындай маалыматты Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди. Бирок, бийлик 2026-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймактарын таза […]

Сизге жагышы мүмкүн