Президенттикке талапкер НАТОдон чыгарын, Крымды Россиянын курамында таанырын айтты

Автор

Түркиянын президенттигине талапкер, “Ватан”  партиясынын лидери Догу Перинчек жеңсе, Анкара НАТОдон чыга турганын билдирди.
Анын  айтымында,  түрктөрдүн  80 пайызы  АКШны коркунуч деп эсептесе, 70 пайызы Россия менен Кытайды дос деп аташат.  “Биздин башкаруубузда Түркия НАТОдон сөзсүз чыгат, анткени НАТО Түркия үчүн жалгыз коркунуч”,-деди.
Саясатчы Батыштын Россияга каршы санкцияларын тааныбай турганын, эгер жеңсе, Россия менен экономикалык байланыштарды бекемдерин убада кылды.
Крым Россия Федерациясынын аймагынын бир бөлүгү экенин баса белгилеп, “Ватан”  партиясы жаңы республикаларды Россиянын курамында тааный турганын кошумчалады.
Догу Перинчек 80 жашта.  Ал президенттикке биринчи жолу ат салышып жаткан жок.  2018-жылдагы шайлоодо ага 98926 адам  добуш берген.
Түркияда жалпы шайлоо 14-майда өтөт.  Өлкө эли президентти жана парламенттин 600 мүчөсүн шайлайт.

Бөлүшүү:
Next Post

25-мартта күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 25-мартта аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.   Абанын температурасы:   Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21,   Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,   Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19,   Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 9…14.   Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 19…21 […]

Сизге жагышы мүмкүн