Мушкер кыз Айжамал Адылбекова Азия чемпионатында коло утту

Автор

Кыргызстандык мушкер кыз Айжамал Адылбекова Казакстандын борбору Астанада өтүп жаткан бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу кыз мелдешке 63 кг салмакта катышкан. 1/4 финалдагы биринчи беттешинде тажикстандык мушкер кызды утуп, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда ал казакстандык спортчуга жеңилип, жыйынтыгында коло байгенин ээси болду.

Эскерте кетсек, 21-октябрь күнү башталган бокс боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасында Азия чемпионаты 4-ноябрь күнү жыйынтыкталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бала бакчаларда тамактануу ата-энелердин эсебинен жасалат

Кыргызстанда бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырылат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын ылайык “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык – “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат”. Белгилей кетсек, социалдык тармактарда мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги […]

Сизге жагышы мүмкүн