Улуттук банк валюта рыногуна 44,8 млн доллар сатты

Автор

Кыргызстандын Улуттук банкы чет элдик валюта сатуу боюнча кезектеги интервенция жасады. Банктын сайтында маалымдалгандай, валюта базарына 44 млн 800 миң АКШ доллары сатылды.

5-октябрда 27 млн 150 миң долларга интервенция жасалган.

Бүгүн, 17-октябрга карата Улуттук банк доллардын сомго карата расмий курсун 89,18 сомго чейин көтөрдү.

Коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда доллар 89,37 сомго чейин кымбаттады.

Бөлүшүү:
Next Post

 Дүйнөлүк Банк 1-Камбар-Ата ГЭСине  5 млн доллар берет

1-Камбар-Ата ГЭСинин долбооруна Дүйнөлүк Банк 5 млн доллар которот. Анын 3 млн доллары үстөк пайызсыз кредит, 2 миллиону грант катары берилет. “Камбар Ата боюнча Кыргызстан-Өзбекстан-Казакстан меморандумга кол койгон. Бирок, келишимдин жол картасы азыр аныктала элек. Божомол менен алганда Кыргызстандын үлүшү 10,34 пайызды түзөт. Ал эми кошуналардыкы 33 пайыз болушу мүмкүн”,-деп […]

Сизге жагышы мүмкүн