Дүйнөлүк Банк 1-Камбар-Ата ГЭСине  5 млн доллар берет

Автор

1-Камбар-Ата ГЭСинин долбооруна Дүйнөлүк Банк 5 млн доллар которот. Анын 3 млн доллары үстөк пайызсыз кредит, 2 миллиону грант катары берилет.

“Камбар Ата боюнча Кыргызстан-Өзбекстан-Казакстан меморандумга кол койгон. Бирок, келишимдин жол картасы азыр аныктала элек. Божомол менен алганда Кыргызстандын үлүшү 10,34 пайызды түзөт. Ал эми кошуналардыкы 33 пайыз болушу мүмкүн”,-деп билдирди энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев. Учурда даярдык иштерине минфин 1 млрд 550 млн сом бөлгөнү, ага туннель, көпүрө, жол жана подстанциялардын линиялары курулуп жатканы белгилүү болду.

Бөлүшүү:
Next Post

“Алтын топ -2023” сыйлыгы 30-октябрда тапшырылат

Дүйнөнүн мыкты футболчусуна бериле турган «Алтын топ»  сыйлыгын тапшыруу аземинин датасы белгилүү болду. Бул тууралуу  “France Football” журналынын Twitter баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, 2022/23-сезондун мыкты футболчусуна “Алтын топту” тапшыруу аземи 30-октябрда Париждеги Шателет театрында өтөт. Мыкты футболчу наамына 30 талапкер көрсөтүлгөн. 2022-жылы франциялык чабуулчу Карим Бензема карьерасында биринчи жолу “Алтын […]

Сизге жагышы мүмкүн