Улгайган ата-энесин багуудан баш тарткандар айып пул төлөйт

Автор

Улгайган ата-энесин багуудан жана балдарына алимент төлөөдөн качкандар үчүн мамлекет чара көрүүнү пландоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде биринчи окууда жактырылды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Тазабек Икрамовдун айтымында, социалдык мекемелердеги улгайган адамдардын саны жыл сайын өсүүдө.
Ошондуктан “КРнын айрым мыйзам актыларына каржылык жардамга муктаж, эмгекке жарамсыз ата-энелерин багуу жана балдарына алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу” боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды.
Депутат ата-энесин багуудан баш тарткан жана алимент төлөөдөн качкандарды коомдук жумуштарга тартуу же айып пул салууну сунуштады.
Талкуунун жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ: Рафахтагы абал өтө тынчсыздандырарлык

БУУнун Палестиналык Качкындар боюнча агенттиги Рафахтагы абал өтө тынчсыздандырганын билдирди. 7-май күнү эртең менен Израилдин аскерлери түнкү чабуулунан кийин Газа тилкесинин Египет менен чек арасында жайгашкан Рафах көзөмөл-өткөрүү пунктун басып алышканы кабарланган. Израилдин Коргоо күчтөрүнүн маалыматы боюнча, учурда Рафах өткөрмө пункту жабык. БУУнун Палестиналык Качкындар боюнча агенттигинин Газадагы өкүлү Луиза […]

Сизге жагышы мүмкүн