БУУ: Рафахтагы абал өтө тынчсыздандырарлык

Автор

БУУнун Палестиналык Качкындар боюнча агенттиги Рафахтагы абал өтө тынчсыздандырганын билдирди.
7-май күнү эртең менен Израилдин аскерлери түнкү чабуулунан кийин Газа тилкесинин Египет менен чек арасында жайгашкан Рафах көзөмөл-өткөрүү пунктун басып алышканы кабарланган.
Израилдин Коргоо күчтөрүнүн маалыматы боюнча, учурда Рафах өткөрмө пункту жабык.
БУУнун Палестиналык Качкындар боюнча агенттигинин Газадагы өкүлү Луиза Уотедж гуманитардык жардамдын азайышынын Газадагы жарандарга тийгизген таасирин эскертти. “Акыркы 24-48 саат ичинде биз туш болгон эң чоң кыйынчылык чек арадан өтүү жана жетиштүү гуманитардык жардамдын жетишсиздиги”,-деди.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Рафахтагы ири аскердик операцияга катуу тынчсызданууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Килиан Мбаппе жөө күлүк Усэйн Болттун чакырыгын кабыл алды

“ПСЖ” клубунун жана Франциянын чабуулчусу Килиан Мбаппе жөө күлүк Усэйн Болттун жүз метрге чуркоо чакырыгын кабыл алды. 37 жаштагы Усэйн Болт Мадрид шаарында “Лауреус” сыйлыгын тапшыруу аземинде Мбаппе менен атаандашууну каалай турганын анын эң мыкты формасында экенин айтты. “Менимче, бир күнү Мбаппе менен 100 метрге жарышып, жыйынтыгын көрүшүм керек”, – […]

Сизге жагышы мүмкүн