Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барат

Автор

Президент Садыр Жапаров 18-19-апрель күндөрү Казакстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жолугушуусунда белгилүү болду.
Иш сапардын алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жыйынын өткөрүшөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров Астанада Кыргыз кино күндөрүнүн ачылышына жана пландалган бир катар иш-чараларга катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Орозо айтта эмне кылуу керек?

Орозо айт мусулмандардын эң чоң эки майрамынын бири. Мусулмандар бул майрамды алдын-ала даярданып күтүшөт. 1. Орозо айтка чейин чейин сөзсүз түрдө фитр-садаканы берип, кутулуу керек. Анткени фитр-садака рамазан айына гана тиешелүү. Өзүңүздүн садакаңызды жардамга муктаж инсандарга бергениңиз дурус. 2. Орозо айтка чейин денени толугу менен жууп, гусл алуу зарыл. Бул […]

Сизге жагышы мүмкүн