Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө

Автор

Бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров Куралдуу күчтөрдү чыңдоодогу аракетке токтолду.

«Акыркы 30 жылда биринчи жолу заманбап аскердик жабдууларды сатып алдык. Бул бир гана «Байрактар» ​​эмес, заманбап техниканын жаңы түрлөрүн сатып алуудабыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2 тик учак сатып алдык, Коргоо министрлигинин 5 тик учагы капиталдык оңдоодон өттү, мындан тышкары Ми-17 тик учактарын алууну пландап жатабыз», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Ал «Печора» зениттик-ракеталык комплекси да сатылып алынгандыгын айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Сауд өнүктүрүү фонду 100 млн доллар насыя берет

Сауд өнүктүрүү фонду 100 млн доллар насыя каражат бөлөт. Ал турак-жай курууга жумшалат. 12-июнда Жогорку Кеӊеште Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Каражат 25 жылдык мөөнөт менен берилет. Программада 40 чарчы метрден 85 чарчы метрге чейин […]

Сизге жагышы мүмкүн