Түрк оппозициясынын лидери 100 жылдан ашык кесилиши мүмкүн

Автор

Түркияда май айында өткөн президенттик шайлоого талапкер болгон, негизги оппозициячыл Республикалык Элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу өзүнө каршы ачылган 28 доо арыз боюнча тергөөнүн алкагында жакынкы күндөрдө камакка алынышы мүмкүн.
Саясатчы президент Режеп Тайып Эрдоганды кемсинткен деген айып менен 110 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Кылычдароглу депутаттыкка көрсөтүлгөн эмес жана депутаттык кол тийбестикке ээ эмес. Мындай абалдан пайдаланып, бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын өкүлдөрү президенттик шайлоодон кийин дароо эле Республикалык партиянын лидерине каршы парламенттеги өтүнүчтөрдү бириктирип, анын негизинде кемсинтүү, коркутуу, жалаа жабуу, кастыкты жана улуттар аралык араздашууну козутуу, Түркияда тыюу салынган террордук уюм Күртстан жумушчу партиясын пропагандалоо деген айып менен кылмыш ишин козгоо демилгесин көтөрүштү.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөлүк спортко  олуттуу коркунуч жаралууда

Эл аралык Олимпиада комитетинин (МОК) президенти Томас Бах  дүйнөлүк спортко болгон коркунуч тууралуу билдирди. Аткаминер Эл аралык Олимпиада комитетинин кезексиз сессиясында сүйлөгөн сөзүндө спортко олуттуу саясий кысым болуп жатканын ачык айтты. “Кээ бир күчтөр биздин аракетибизди бөлүп, талкалап салгысы келип жатат. Дүйнөлүк спорт олуттуу коркунуч алдында турат. Кимге уруксат, кимге […]

Сизге жагышы мүмкүн