Дүйнөлүк спортко  олуттуу коркунуч жаралууда

Автор

Эл аралык Олимпиада комитетинин (МОК) президенти Томас Бах  дүйнөлүк спортко болгон коркунуч тууралуу билдирди.

Аткаминер Эл аралык Олимпиада комитетинин кезексиз сессиясында сүйлөгөн сөзүндө спортко олуттуу саясий кысым болуп жатканын ачык айтты.

“Кээ бир күчтөр биздин аракетибизди бөлүп, талкалап салгысы келип жатат. Дүйнөлүк спорт олуттуу коркунуч алдында турат. Кимге уруксат, кимге уруксат жок деп сырттан бирөөлөр чечсе, анда баары саясий көз караштагылар гана атаандаша турган абалга келет”, – деди

Бах  мындай кадам дүйнөлүк мелдештерди бөлүп, ага саясий жактан дос мамлекеттер гана катыша тургандыгына алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

“Андан кийин Олимпиада жөн гана  маанисин жоготот”, – деп жыйынтыктады.

Эске салсак, бир катар өлкөлөр, анын ичинде Украина, Польша, Эстония, Латвия жана Литва сунушту өзгөртүү жана 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына россиялыктарды киргизүүгө тыюу салуу өтүнүчү менен Эл аралык Олимпиада комитете (МОК) кайрылышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маданий иш-чара өтөт

Бүгүн, 23-июнда Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында КР Баатыры, КР Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Кылым карыткан Чыңгыз Айтматов” аталышындагы маданий агартуу иш- чарасы өтөт. Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык фонду тарабынан уюштурулууда. Көрүүчүлөргө […]

Сизге жагышы мүмкүн