Европарламент Азербайжанга санкцияларды киргизүүгө чакырды

Автор

Страсбургдагы пленардык жыйында Европарламент Евробиримдик менен Азербайжандын мамилесин кайра карап чыгуу жана Тоолуу Карабактагы кырдаалга байланыштуу санкцияларды киргизүү зарылчылыгы тууралуу резолюция кабыл алды.
Документте мындай чаралар соңку окуяларды жана өлкөдөгү адам укуктарынын абалынын начарлашын эске алуу менен көрүлүшү керек деп айтылат. Еврокомиссиядан Баку менен энергетика тармагындагы стратегиялык өнөктөштүктү Азербайжандын эл аралык милдеттенмелерин бузганы үчүн тез арада карап чыгуу талап кылынууда. Азербайжандан газ жана мунай импортуна көз карандылыкты азайтуу жана Арменияга аскердик агрессия же гибриддик чабуулдар болгон учурда бул ташуулардан толугу менен баш тартуу сунушталууда.

Бөлүшүү:
Next Post

 Кыргызстанга Монголиядан топоздор алынып келет

Монголия Кыргызстанга 100 топоз берүүгө даяр. Мындай маалыматты Монголиянын айыл чарба министри Хаянгаа Болорчулуун билдирди. Муну менен биздеги топоздордун генефондун жаңылоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн