Түркиянын бүйүрүн кызыткан шайлоо

Автор

Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга белгиленгенден кийин ММКлар “Кимге добуш бересиз?”,- деген суроо аркылуу коомчулуктун тамырын тартышууда. Режеп Тайип Эрдоган парламенттик шайлоого АК партиядан 3 жолу депутат болгондорду кайрадан тизмеге кошпой турганын билдирди. Ал эми оппозициянын талапкери Кемал Кылычтар уулу зилзаладан жабыркаган аймактарды кыдырууда. Эгер ал президент болсо, Анкара менен Стамбул шаарларынын мэрлери вице-президенттик кызматты ээлешет. Шайлоого расмий түрдө старт берилбесе да, жарандар талапкерлерин аныктоо аракетинде.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстан Роскосмостун Байкоңурдагы мүлкүн камакка алды

Казакстан Роскосмоско караштуу Байконурда иштеген Жер үстүндөгү космостук инфраструктураны пайдалануу борборунун мүлкүн камакка алып, андан 13,5 миллиард теңге (26,3 миллион доллар) өлчөмүндөгү карызды өндүрүп алууну көздөөдө. Компаниянын жетекчисине өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бул Россиянын Байконурдан чыгып кетишине алып келиши мүмкүн жана “Союз-5” ракетасы үчүн жаңы учуруу аянтчасын курууну жайлатат. Россия […]

Сизге жагышы мүмкүн