Москва Батышка өзөктүк күчүн көрсөтүүдө

Автор

Шейшембиде Беларуста тактикалык өзөктүк дүрмөттөрдү алып жүрүүчүлөрдү текшерүү башталды.
Беларустун коргоо министри, генерал-лейтенант Виктор Хрениндин айтымында, текшерүү өлкө президенти Александр Лукашенконун буйругу менен жүргүзүлүүдө.
Анын айтымында «Искандер» оперативдүү-тактикалык комплексинин жана Су-25 учактарынан турган бөлүктөр тапшырмаларды аткарууга даяр.
Буга чейин Россия авиация жана деңиз күчтөрүн тартуу менен ракеталык түзүлүштөр үчүн машыгууларды даярдап жатканы белгилүү болгон.
Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында машыгуулар батыштын айрым расмий өкүлдөрүнүн Россияга каршы чагымчыл билдирүүлөрүнө жана коркутууларына жооп катары өткөрүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Альпинист Эдуард Кубатов Гиннес рекорддор китебине кирди

Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов Гиннес рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу альпинист Илим Карыпбеков кабарлады. «Жакын арада Guinness World Records биздин мекендешибизди дүйнө рекордунун ээси катары каттады. Эдуард Жумакадырович тарыхта Манаслу чокусуна — 8163 метр бийиктикке кычкылтексиз чыккан эң жашы улуу эркек адам болуп таанылды. Дүйнө рекордунун ээси болуп […]

Сизге жагышы мүмкүн