“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы  Акылбек Жапаровдун кызматтан кетүүсүн сунуштады

Автор

Жогоку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы  Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинетин  оставкаган кетирүү демилгеси менен чыкты. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров Телеграмм каналына жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы төмөнкүдөй чечим кабыл алды.

 

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн толук курамын ээлеген кызмат орундарынан бошотуу сунушу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

 

2) Ушул Чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жана тиешелүү тармактык комитеттине жөнөтүлсүн.

 

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Адахан Мадумаров.

Бөлүшүү:
Next Post

Эрдогандын эл алдында сүйлөөсүнө тыюу салынды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 27-апрелге белгиленген төрт түрк телеканалына берилчү маекти токтотту. Ал бир күн мурда жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде өзүн жаман сезген. Өлкөдө 14-майда өтө турган шайлоонун алдында дарыгерлер ага эл алдында сүйлөөгө тыюу салышты. Маалымат каражаттары түрк президентинин жүрөгү кармап, оор абалда ооруканага жаткырылганын да жазып чыгышкан. […]

Сизге жагышы мүмкүн