Кыргызстан Москвадагы терактыны кескин айыптайт

Автор

Кыргызстан “Крокус сити холлдо” көп сандаган адам өлүмүнө алып келген терактыны кескин айыптайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
“Терроризм бардык формасында тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка олуттуу коркунучтардын бири болуп саналат. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз”, – деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 22-мартта “Крокус” концертик залындагы терактыда, алдын ала маалымат боюнча, 40 адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаган. Окуя болгон жерден жабыркагандар ооруканага жеткирилип жатканы маалым болгон. Төрт кишинин абалы оор экени айтылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

"Крокустагы" терактыда эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок

Москвадагы терактыда эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. “Аткарылган иштердин жыйынтыгында жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесиндеги Кыргызстандын эки жараны тууралуу маалымат такталган жок”, — деп айтылат маалыматта. Министрлик менен Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилиги каргашалуу окуяда жабыркагандар тууралуу маалыматты тактоо иштерин улантууда. Белгилей кетсек, […]

Сизге жагышы мүмкүн