Түндүк Корея өзөктүк суу астындагы кайыгын түшүрдү

Автор

Түндүк Корея жаңы суу астында жүрүүчү кайыгын түшүрдү. Кеме өзөктүк куралы менен жабдылган. Бул боюнча иш-чарага Ким Чен Ын катышты.
Жаңы суу астындагы кемеге “Баатыр Ким Гун Ок” деген аталыш берилди.
Атомдук суу астында жүрүүчү кайык КПАнын деңиз флотунун Чыгыш деңиз флотуна караштуу тиешелүү суу астындагы кайык дивизиясына өткөрүлө турганы белгиленген.
Ким Чен Ын өлкөнүн суу астында жүрүүчү жана жер үстүндөгү согуштук күчтөрүн, ошондой эле Түндүк Кореянын Аскер-деңиз флотунун өзөктүк куралын үзгүлтүксүз жаңылоого умтулаарын баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат:  Дос тандоо жөнүндө

Ар дайым эсиңде болсун уулум! Тирүү адам доссуз болбойт. Адамдын доссуз болгонунан көрөкчө жолдошсуз болгону ийги. Бир даанышмандан: «Дос жакшыбы, же жолдош жакшыбы?» — деп сураганда ал «дос жакшы», — деп жооп берген экен. Ошондуктан достуктун жолу жөнүндө ойлонгун, аларга белектер жөнөтүп, ар дайым адамгерчилик кылгын. Анткени, ким өз досун […]

Сизге жагышы мүмкүн