Бийлик Microsoft компаниясын салык төлөбөгөнгө айыптады

Автор

Microsoft АКШнын салык башкармалыгы тарабынан 2004-жылдан 2013-жылга чейин 28,9 миллиард доллар төлөнбөгөн салыктар боюнча билдирүү алган. Компания бул көрсөткүч менен макул эмес жана буга чейин эсепке алынбаган салык катары 10 миллиард доллар төлөгөндүгүн айтууда. Microsoft аталган башкармалыкка кайрылууга ниеттенүүдө, бул процесс бир нече жылга созулат.

АКШнын бийлиги буга чейин ири корпорацияларды, анын ичинде Майкрософтко ар кайсы өлкөлөрдүн салык мыйзамдары боюнча АКШнын салык милдеттенмелерин аткаруудан качканы үчүн айып тагышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

 Бүгүн “Ак шамкарлар” Бахрейн менен беттешет

Бүгүн, 12-октябрда  Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Бахрейнге каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул туурасында Кыргыз футбол союзу билдирди. Маалыматка ылайык, оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до «Аль-Муккарак» стадионунда (Манама ш., Бахрейн) орун алат. Эске салсак, Тарковичтин командасы 8-октябрдан тарта Бахрейнде окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп келе жатат. Аталган жыйын кураманын 2026 Дүйнө […]

Сизге жагышы мүмкүн