Ай түзүмүн “түбөлүк уктатууну” чечишти

Автор

Индиялык илимпоздор Прагян Айдын роверин кайра иштетпей турганын Индиянын Космос изилдөө уюмунун жетекчиси Шридхара Паникер Сомнат Мумбайдагы Илим жана технология фестивалында билдирди.
Прагян 23-августта “Чандраян-3” аппараты аркылуу Айга жеткирилип, сентябрдын башында уйку режимине киргизилген. Адегенде 22-сентябрдан тарта Айга учуучу аппаратты кайрадан ишке киргизүү пландаштырылган.
Космосту изилдөө уюмунун башчысынын айтымында Прагян “түбөлүк уйку режиминде калышы үчүн аны ойготпоого” кеңеш берген.
Сомнат Чандраян-3 миссиясын чоң ийгилик деп атап, анын жүрүшүндө чогултулган маалыматтар жакынкы күндөрдө фантастикалык илимий натыйжаларды алып келет деген үмүтүн билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев чын дүйнө салды

Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев бүгүн, 29-декабрда 84 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу туугандары “Азаттыкка” кабарлады. Маркумдун тажиясы 31-декабрда болот, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев 1940-жылы Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында туулган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн